Ишкерлер 6 млрд сомго жакын суммада пайызсыз насыя алышты

12.01.2024, 17:45 Акчабар
Ишкерлер 6 млрд сомго жакын суммада пайызсыз насыя алышты

“Микро, кичи жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо” долбоорунун алкагында 2024-жылдын 1-январына карата 5 млрд 921 млн 785 миң 918 сом өлчөмүндө пайызсыз насыялар берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 8 миң 929 ишкер жеңилдетилген насыя алган.

  • 1-категорияда (1 млн сомго чейин) 7 миң 788 ишкер, жалпы суммасы 4 млрд 219 млн 320 миң 243 сом насыя алган;
  • Ал эми 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1141 ишкер, жалпы суммасы 1 млрд 702 млн 465 миң 675 сом насыя алган.

Белгилеп кетсек, долбоор Кыргызстандын бардык аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.

Тэги: пайызсыз насыя жеке ишкер жеңилдиктер бизнес жеңилдиктер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть