Эксперттердин айтымында, 2025-жылга карата дүйнөлүк ислам (адал) экономикасынын көлөмү 7,7 трлн долларга жетет, бул 2015-жылдагыга салыштырмалуу 3,2 трлн доллардан эки эсе көп. Ал эми 2021-жылы бааланган 5,7 трлн доллардан кыйла жогору. Бул тууралуу катарлык Al Jazeera медиасы жазды.
Маалыматка ылайык, бул статистика адал же “шариятка ылайыктуу” инвестицияларга жана мүмкүнчүлүктөргө суроо-талаптын өсүп жатканын көрсөтөт.