Испания калкына акча тарата баштайт

21.04.2020, 09:30 Акчабар
Испания калкына акча тарата баштайт

Испания өкмөтү май айынан тарта кризистин айынан олуттуу кыйынчылыктарга учураган жарандарга акчалай төлөмдөрдү төлөй баштайт. Бул тууралуу Forbes басылмасы кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, Испания өкмөтү май айынан баштап кирешеси аз үй-бүлөлөргө жашоо минимумуна туура келген төлөмдөрдү бере баштай тургандыгын убадалаган. Жардам такай негизде көрсөтүлүп, аны 1 млндон ашуун үй чарбалары ала алат.

«Өкмөт чыгымдарын жабууда кыйынчылыкка учурап жаткан үй-бүлөлөрдүн алдында милдетин алууда»,-деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Азырынча төлөмдөрдүн так суммасы айтыла элек, бирок өкмөт 500 евро өлчөмүндөгү акча каражаты тууралуу талкуу жүргүзүүдө. Социалчы Педро Санчес баштаган өкмөт начар жашаган жарандар үчүн мамлекеттик субсидиясын киргизүүнү 2019-жылдын декабрь айында жүргүзүлгөн шайлоо кампаниясынын биринчи бөлүгүндө эле убадалаган. Санчестин бийликке келишинен кийин да аталган пландар талкууланып келген, бирок алар иш жүзүнө эми гана аша баштады. Испанияда жүрүм-турумга толугу менен тыюу салган карантин 4 аптадан бери уланууда. 16-апрелге карата маалыматка ылайык, өлкөдө 180 миңден ашуун адам коронавирус илдетине чалдыккан, ал эми 19 миңден ашуун адам оорудан улам көз жумган.

Тэги: Испания калк акча таратуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть