Жалал-Абадда калктын сууга болгон дебитордук карызы 6 млн 800 миң сомду түзөт

17.09.2020, 10:19 Акчабар
Жалал-Абадда калктын сууга болгон дебитордук карызы 6 млн 800 миң сомду түзөт

Жалал-Абад шаарынын аймагында суу акысын мөөнөтүндө төлөбөгөн абоненттерге рейд улантылып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ Достук аймактык башкармалыгынын Тайгараев көчөсүндө жүрдү. Вице-мэр Нуртилек Орозбаев суу канал башкармалыгы менен биргеликте көп кабаттуу үйлөрдү кыдырып, эскертүүлөрдү берди.

«Абоненттердин арасында сууга болгон карызы 40 миң сомго жеткен жарандар бар. Эскертүүгө карабай суу акысын төлөбөгөндөрдүн суусу өчүрүлөт. Шаардагы калктын сууга болгон дебитордук карызы 6 млн 800 миң сомду түзөт», - деп айтылат билдирүүдө.

Тэги: Жалал-Абад шаары суу акысы абонент мэрия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть