Жээнбеков шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга даяр

06.10.2020, 10:40 Акчабар
Жээнбеков шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга даяр

Президент Сооронбай Жээнбеков кырдаалды көзөмөлдөп жатат жана бардык саясий күчтөр өлкөнүн кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору коюп, коомдо бөлүнүп-жарылууга жол бербейт деп ишенет. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

«Президент өлкөдө мыйзамдуулук орнош үчүн бардык күчүн жумшайт. Бринчи орунда, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына көнүл бурулат. Кырдаалдан улам өлкө башчы БШКнын жетекчилигине мыйзам бузууларга байланыштуу материалдарды, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга чейин бара турчу кылдаттык менен изилдөөнү сунуштайт». — деп айтты ал.

Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков жакынкы арада өлкөдө тынчтыкты орнотуу үчүн бардык күчүн жумшап жатат. Мамлекет башчысы бардык саясий күчтөрдү жана жарандарды Кыргызстандын келечеги үчүн акылмандуулукка чакырат.

Жээнбеков учурда Бишкекте.

Тэги: Саясий партия Сооронбай Жээнбеков митинг Шайлоо БШК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть