9 ай ичинде 12,8 тонна жер-жемиш жокко чыгарылган

15.10.2019, 10:28 Акчабар
9 ай ичинде 12,8 тонна жер-жемиш жокко чыгарылган

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция 9 ай ичинде санитардык талапка ылайык, жашылча – жемиштерге 114 149 экспертиза жана 10 209 лабораториялык изилдөө жүргүзгөн.

Маалыматка ылайык, атайын санитардык талапка жооп бербеген 23 жагдай катталып, 12 миң 763,55 кг жер-жемиш жокко чыгарылды.

«Андан сырткары, инспекциядан 23884 экспертиза жана башка тамак-аш азыктарына 10209 лабораториялык изилдөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында 313 кг эт жокко чыгарылды», - деп жазылат маалыматта.

Кошумча дагы 406 экспертиза жана 1027 козу карынга лабораториялык изилдөө жүргүзүлүп, анын ичинен 31 кг козу карын жокко чыгарылды.

Тэги: жер-жемиш лабораториялык изилдөө санитардык талап

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть