Жыл башынан бери 3 млн тоннадан ашык жүк ташылган

27.07.2020, 13:30 Акчабар
Жыл башынан бери 3 млн тоннадан ашык жүк ташылган

Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы чарба субъекттеринин жүк ташуусун өз убагында жана толук түрдө камсыз кылууда. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирет.

Маалыматка ылайык, быйыл алты ай ичинде «Кыргыз темир жолу» ишканасы тарабынан ташылган жүктүн көлөмү 3 млн 183 миң 902,6 тоннаны түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 330,2 миң тоннага көп болгон. Өсүш 111,6%ды түзгөн.

«Кыргыз темир жолу» ишканасы гуманитардык жүктү ташууну ишкананын каражаттарынын эсебинен жүргүзүүдө», - деп айтылат маалматта.

Тэги: тонна жүк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть