Кафе-ресторан иштеткендердин салык жүгүн адилеттүү аныктоо үчүн жумушчу топ түзүлөт

03.03.2022, 09:57 Акчабар
Кафе-ресторан иштеткендердин салык жүгүн адилеттүү аныктоо үчүн жумушчу топ түзүлөт

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин төрагалыгы алдында коомдук тамактануу тармагынын өкүлдөрү менен коомдук тамактануу кызматын көрсөткөн субъекттер үчүн Бирдиктүү салыктын ставкалары маселеси боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынын билдиришти.

Жыйында коомдук тамактануу тармагынын өкүлдөрү рентабелдүүлүктүн аздыгына байланыштуу бирдиктүү салыктын ставкасын төмөндөтүү зарылдыгы боюнча өз позициясын айтышты. Ошондой эле, жалпы салык режими чөйрөсүндө кошумча нарк салыгын эсепке алуу системасы жок болгондуктан, жеткиликтүү эместигин белгилешти.

Ошондой эле, мамлекеттик органдардын (монополияга каршы жөнгө салуу органы жана салык кызматы) өкүлдөрү тарабынан белгиленген салык ставкасынын сарамжалдуулугу, баа түзүү жана коомдук тамактануу тармагынын кирешелүүлүгү боюнча негиздемелер жана эсептөөлөр көрсөтүлдү.

"Отурумдун жыйынтыгы менен министр Амангелдиев салык жүгүн адилеттүү аныктоо жана коомдук тамактануу тармагын өнүктүрүүгө дем берүү үчүн дыкат иликтөө жана туура чечим чыгаруу үчүн жумушчу топ түзүү чечимине келди",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жыйынга “Хорека клубу” ассоциациясынын, коомдук тамактануу ишканаларынын ассоциациялары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Тэги: Данияр Амангелдиев коомдук тамактануучу жай Бирдиктүү салык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть