Кара-Балтада текстиль фабрикасы иштеп баштайт

21.03.2024, 13:41 Акчабар
Кара-Балтада текстиль фабрикасы иштеп баштайт

Кара-Балта шаарындагы “Zilan Eversun Textile” текстиль фабрикасы өндүрүш ишин баштоого кызуу даярдык көрүүдө. Бул тууралуу президентке караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин директору Талантбек Иманов билдирди.

Анын айтымында, фабрика полиэстерден текстиль кездемелерин чыгарууга адистешкен. Анда полиэстерден жасалган текстиль кездемелери чыгарылат.

“Заводдогу негизги курулуш иштери 98%га аткарылып, импорттук технологиялык жабдуулар толугу менен орнотулуп, жөнгө салынды. Бул жогорку сапаттагы продукция чыгарууга мүмкүндүк берет, анын 80% экспортко, 20% ички базарга сатылат. Фабрика алгачкы этапта суткасына 30 тоннага чейин полиэстер кездемесин чыгарууну пландап жатат”, - деди агенттиктин жетекчиси.

Долбоордун толук ишке ашырылышы Кара-Балта шаарынын тургундарына 600 жумушчу орун түзүүгө мүмкүндүк берет. Азыртадан эле фабрикада 100дөн ашык адам кийинчерээк иштөө үчүн окутулууда. Ишкана өзүнүн тармагында уникалдуу, анткени ал калдыксыз өндүрүштү камсыз кылат.

Тэги: Кара-Балта текстиль фабрика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть