Кара-Кечеге алып барган жолду асфальттоону көмүр ташуучулар көтөрөт

24.11.2023, 14:00 Акчабар
Кара-Кечеге алып барган жолду асфальттоону көмүр ташуучулар көтөрөт

Кара-Кечеге баруучу жол көмүр ташыгандардын эсебинен төшөлөт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат Эмил Жамгырчиев карьерге баруучу жол чаң болуп жатканын айтып нааразы болду.

“Мурунку жылдары суу себилчү, быйыл суу жок, чаңдан жол боюндагы айылдарда жашаган балдар ооруп жатат”, - деди ал.

Министр депутатка суу ташуучу унаа алынат деп жооп берди. Ошондой эле, Таалайбек Ибраевдин айтымында, көмүр ташуучулар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бул жолду асфальттоо жана оңдоп-түзөө иштерине каражаттар көмүрдүн баасына кошулат деп макулдашышкан.

Тэги: Кара- Кече көмүр автожол

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть