«Кара-Суу» базарындагы соодагерлерден акча талап кылгандар кармалды

18.12.2023, 13:24 Акчабар
«Кара-Суу» базарындагы соодагерлерден акча талап кылгандар кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Кара-Суу” базарынын соодагерлеринен акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК салык инспекторлору тарабынан дагы бир системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу жана “Кара-Суу” базарынын ишкерлеринин жана соодагерлеринин патентин төлөөгө багытталган акча каражаттарын ыйгарып алуудагы туруктуу коррупциялык схеманы токтотту.

“Ушул жылдын 15-декабрында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кара-Суу районунун базарларын көзөмөлдөгөн төрт салык инспектору Т.А., Э.А., У.Б. жана А.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.”, - деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ишкерлерди патент жана башка салык төлөмдөрүн төлөөгө көмөк көрсөтөбүз деп алдоо жолу менен аларды ишендирип, иш жүзүндө алардын каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алып турушкан.

Тэги: Кара-Суу району базар Мамлекеттик салык кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть