Каржы пирамидаларынын кандай түрлөрү бар?

22.03.2022, 12:15 Акчабар
Каржы пирамидаларынын кандай түрлөрү бар?

Ички иштер министрлиги жарандарды пирамидалык схемалардын мыйзамсыздыгы тууралуу эскертип, “инвестициялардын” ордуна жеңил жана тез киреше алып келүүчү операцияларга катышпоону сунуштайт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Каржы пирамидаларынын негизги түрлөр

Бир тепкичтүү (Понци схемалары).

Бул типтеги пирамидаларда бирдиктүү уюштуруучу бар. Ал жогорку киреше алуу үчүн схемага акча салууну сунуштайт. Биринчи инвесторлор кийинки катышуучулардын салымдарынан киреше алышат. Мындай схемалар кадимки пирамидаларга караганда туруктуу жана узакка созулат.

Пирамиданын катышуучулары кайра инвестициялоону улантууну жана теңтуштарын, тааныштарын тартууга үгүттөшөт.
Схема Карл Понцинин атынан аталган. 1919-жылы ал почта купондоруна инвестициялоону жана валюта курсунун айырмасынан киреше алууну сунуш кылган (Европада купонду бир маркага, ал эми АКШда 6 маркага алмаштырууга болот).

Көп баскычтуу.

Бул модель кызматтарды же буюмдарды сатууга ылайыкталып түзүлгөн жана көп баскычтуу пирамиданын ар бир мүчөсү жаңы агенттерди тартуу менен алектенет. Мында буюмдун өзү эч кандай баалуулукка ээ эмес же анын баасы өтө жогору болот.
Пирамиданын катышуучусунун милдети сатып алуучуга буюмдун уникалдуу касиеттери жөнүндө айтып берүү, ошондуктан ал сатып алууну инвестиция катары эсептейт. Бирок, чындыгында, бул пирамидага кирүү акысынын аналогу гана.

Матрица.

Бул пирамиданын туруксуз түрү. Мүчө болуу үчүн сиз белгилүү бир сумманы салышыңыз керек. Андан кийин, адам күтүү тизмесинин төмөнкү сабына катталат. Анын артынан канчалык көп адамдар тартылып катталса, тизмедеги статусу ошончолук жогору болот жана керектүү суммага жеткенде ал убада кылынган бонусту алат. Эреже катары, бул баалуу нерсе: электроника, саякаттоо же ал тургай, унаалар. Бул абдан кооптуу схема.
Катышуучулар товарлар үчүн базар баасынан көбүрөөк төлөшөт. Алар уюлдук телефонду, электрондук китепти же программалык компакт-дискти сатып алганда, алар баалуу бонус алууга үмүттөнүшөт. Бирок пирамида кулаганда, алар ашыкча бааланган керексиз буюмдар менен калат.

“Ички иштер министрлиги жарандарды мүмкүн болушунча сак болууга, шашылыш чечимдерди кабыл албоого чакырат. Жарандар кырдаалды талдап, туура чечимдерди кабыл алууга тийиш. Ар кандай маалымат текшерүүнү талап кылат, эң жакшысы ачык булактардан кеңеш жана маалымат алуу туура болот”,- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын эки айында Кыргызстанда каржы пирамидасына жалпы 133 адам алданып, алдын ала келтирилген чыгым 61 млн сомдон ашкан. ИИМ тарабынан каржылык пирамидаларды уюштуруу фактылары боюнча 111 сотко чейинки өндүрүш иши тергелип, анын ичинен 91и сотко жиберилген. Бул фактылардын көбү Бишкекте, калгандары Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган.

Тэги: каржы пирамида Понци схемалары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть