23-декабрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кашка-Суу аймагында жаңы “Кашкулак” лыжа базасы ачылды. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган лыжа базасына 2026-жылга чейин жыл сайын 1 миллиондон ашык туристти тартуу пландалууда.
“Кашкулак” лыжа базасына 2,6 км асма жол, лыжа мектеби бар балдар асма жолун ачуу пландалууда. Инфраструктуралык инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен 5 млн долларды түзөт”, - деп айтылат маалыматта.