Каттоо кызматы айрым кызмат көрсөтүүлөрүн токтотту

07.10.2020, 12:50 Акчабар
Каттоо кызматы айрым кызмат көрсөтүүлөрүн токтотту

Бүгүн, 7-октябрь күнү Мамлекеттик каттоо кызматы мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча ишмердигин жарым жартылай токтотуп жатканын билдирди.

Каттоо кызматы бидиргендей, Бишкек шаарындагы калкты тейлөө борборлору, жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорт берүү жана калкты каттоо, унаа каражаттарын каттоо бөлүмдөрү, архивдер бүгүн иштебейт.

«Каттоо кызматынын калктын жеке маалыматтары сакталган маалыматтык базаларын коргоо боюнча иштер уюштурулду. Каттоо кызматынын жетекчилиги жана эмгек жамааты кадимки тартипте иштеп жатат. Бишкек шаарындагы калкты тейлөө борборлорунда даяр паспортторду берүү бөлүмдөрү иштөөдө. Каттоо кызматынын бөлүмдөрүнүн мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча ишинин кайра жанданышы тууралуу маалымат кошумча берилет», - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн Каттоо кызматынын 119 номерине колл-борборуна кайрылууга болот.

Тэги: мамлекеттик каттоо кызматы Мамлекеттик кызмат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть