Казакстандан Бишкекке гуманитардык жардам келди

30.04.2020, 09:21 Акчабар
Казакстандан Бишкекке гуманитардык жардам келди

Бүгүн, 29-апрель күнү Казакстандан Кыргызстанга ун түрүндөгү гуманитардык жардамдын биринчи партиясы келди.

Бишкекке темир жол аркылуу 12 вагондо 800 тонна ун келген.

Белгилей кетсек, Казакстан Кыргызстан менен Тажикстанга жалпы суммасы 3 млн доллардан ашык каражатка 5 миң тоннадан ун берүүдө.

Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев Казакстан көрсөткөн жардамды кыргыз тарап жогорку бааларын жана боордош казак элине ыраазычылык билдирерин айтты.

Казакстандан келген гуманитардык жардам өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампасына түшүрүлгөн.

Тэги: Казакстан Бишкек гуманитардык жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть