Казакстан чет өлкөлүктөрдү манжа изин тапшырууга милдеттендирди

04.01.2024, 11:10 Акчабар
Казакстан чет өлкөлүктөрдү манжа изин тапшырууга милдеттендирди

1-январдан тарта Казакстан он алты жашка толгон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдарды мыйзамда белгиленген учурларда манжа изин каттоодон өткөрүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Манжа изин тапшыруу төмөнкү документтерди даярдоодо милдеттүү болуп саналат:

  • Казакстанда туруктуу жашоого уруксат алууда;
  • Чет өлкөлүк жарандын Казакстанстанда жашоого уруксат алуусунда;
  • Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү болгондо;
  • Убактылуу жашоого уруксат алууда;
  • Казакстандын визасы болсо (башында Казакстандын аймагында алынган жана узартылган);
  • Башпаанек издеген адамдын күбөлүгү;
  • Качкындын күбөлүгү;
  • Качкындын жол жүрүү документи.

“Манжа изин милдеттүү түрдө каттоодон өтүүдөн баш тартуу Казакстандын чегинен административдик түрдө чыгаруу түрүндөгү административдик жоопкерчиликке алып келет”, - деп айтылат маалыматта.

Манжа изин каттоо жүргөн жери боюнча миграция кызматынын бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.

Тэги: манжа изи Казакстан казакстан кыргызстан миграция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть