Казакстан менен Орусиянын чек арасындагы вагондордо 7 миң тонна үрөн турат

29.03.2022, 14:25 Акчабар
Казакстан менен Орусиянын чек арасындагы вагондордо 7 миң тонна үрөн турат

Казакстан менен Орусиянын чек арасында 7 миң тонна үрөн менен вагондор турат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

“Россиядан 14 миң тонна үрөн алып келүү боюнча келишим түзүлүп, бүгүнкү күндө ал үрөндөрдүн 50% алдык”, - деди аталган министрликтин жетекчи орун басары Азамат Мукашев.

Анын айтымында, үрөндөрдүн экинчи бөлүгү азыркы кырдаалга байланыштуу Казакстан менен Орусиянын чек арасында турат.

“Кечээ эле бул унаалар биздин тарапка кете тургандай келишим түзүлдү. Келерки жуманын аягында бул үрөндөрдү Кыргызстандын түштүгүнө жана түндүгүнө жеткирүү башталат”, - деди ал.

Ал белгилегендей, товар республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынат.

Тэги: айыл чарба үрөн вагон

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть