Казакстанда бир жылда АКШ долларын «таза» сатуу 5.3 млрд $ түзгөн

27.02.2020, 13:30 Акчабар
Казакстанда бир жылда АКШ долларын «таза» сатуу 5.3 млрд $ түзгөн

2019-жылдын декабрь айында Казакстандын акча алмаштыруучу жайларында АКШ долларын таза сатуу 566.7 млн долларды (9214.3 млрд теңге) түзгөн. Бул 2018-жылдын ноябрь айына салыштырмалуу 0.9% төмөн, бирок декабрь айына салыштырмалуу 65% көп болгон. Бул тууралуу Ranking.kz порталы кабарлады.

Декабрь айында официалдуу расмий курстун баасы - 1 доллар 383.9 теңге болгон. Бул ноябрь айына салыштырмалуу 1% төмөн, бирок 2018-жылдын декабрь айына салыштырмалуу 3.2% жогору болгон. 2020-жылдын январь айында официалдуу курс орточо эсеп менен 378.7 теңгени түзгөн. Бул өткөн айга салыштырмалуу 1.3% аз болгон.

Жалпысынан 2019-жылы АКШ долларынын акча алмаштыруучу жайлардагы таза сатуусу дээрлик 5.3 долларды (2 трлн теңге) түзгөн. 2018-жылдын январь, декабрь айларына салыштырмалуу 45.3% көп болгон.

Казакстандын ичинен таза сатуу 2019-жылдын январь-декабрь айларында Алматыда - 1.9 млрд долларды, шымкентте - 807.3 млн долларды жана Нур-Султанда 411.5 млн долларды түзгөн.

Ал эми Алматы, Түркстан, Түндүк-Казакстан облустарында, башка аймактарга салыштырмалуу АКШ долларын таза сатуу 59.2 млн доллардан 76.9 млн долларга чейин аз көлөмдө болгон.

Тэги: Казакстан доллар таза сатуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть