Келерки аптада «Ак-Кула» ат майданы 8,7 млрд сомго аукционго коюлат

09.05.2024, 10:00 Акчабар
Келерки аптада «Ак-Кула» ат майданы 8,7 млрд сомго аукционго коюлат

16-майда саат 10:00дө Ш. Термечиков 1 дарегинде жайгашкан Ак-Кула ипподромунун мүлк комплекси аукционго коюлат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Турак эмес жайлардын аянты 1 миң 818,5 чарчы метр, жер тилкесинин аянты 45,736 гектарды (457 360 чарчы метр) түзөт.

Тиешелүү чечимди муниципалдык менчикти менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алды.

Белгилеп кетсек, көз карандысыз эксперт тарабынан объекттин баштапкы баасы менен белгиленген 8 млрд 731 млн 917 миң сом өлчөмүндө баалоо жүргүзүлгөн.

Тэги: Ак-Кула ипподром аукцион

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть