Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

20.04.2022, 06:55

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Казакстандын премьер-министринин орун басары, соода жана интеграция министри Бахыт Султанов видеобайланыш аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда мамлекеттик кыргыз-казак чек арасында кезек күтүп турган оор жүк ташуучу унаалардын маселеси талкууланды.

Маалыматк ылайык, сүйлөшүүнүн жыйынтыгында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу жүктөрдүн эркин өтүүсүн камсыздоо боюнча чараларды кабыл алууну макулдашты.

Белгилеп кетсек, аталган чек арада жүк ташыган унаалардын тыгыны соңку бир аптадан бери уланууда.


Читать похожее

  • 20.04.2022, 00:55:24
  • 09.03.2021, 00:50:04
  • 26.02.2021, 03:00:17
  • 10.11.2020, 23:35:09