Опубликовано
10.11.2020, 07:202020-жылдын 6-ноябрына карата өкмөттүн мамлекеттик казыналык баалуу кагаздар алдындагы милдеттенмелери 815 млн 658.8 миң сомду түзөт. Бул маалыматты Улуттук банк билдирди.
[news 29835]
Жыл башынан бери өкмөт өзүнүн милдеттенмелеринен мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча 3 млрд 198 млн 83.4 миң сомун төлөп бүткөн.
Белгилей кетүүчү нерсе, жыл башынан бери баалуу кагаздар боюнча ички карыз 4 млрд 13 млн 742.2 миң сомду түзөт.
Эске сала кетсек, 5 жылдык баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион талаптын жоктугунан улам 6-ноябрда өтпөй калган. Баалуу кагаздардын эсебинен 400 млн сомду тартуу пландаган.