Көчмө калкты тейлөө борборунун кызмат акысы арзандады

02.09.2020, 14:00 Акчабар
Көчмө калкты тейлөө борборунун кызмат акысы арзандады

Көчмө калкты тейлөө борборунун кызмат акысы арзандады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Каттоо кызматы билдиргендей, Бишкек жана Ош шаарларында паспортко документтерди алуу кызматы (жашаган жер боюнча каттоо, алмаштыруу, жоголгон учурда, алгач ирет алып жатканда жана паспортту 3 күндө алуу боюнча) боюнча баруу 700 сомго арзандап, 911 сомду түздү. Мурда 1 миң 616 сом болгон.

Кыргызстандын ири шаар жана райондорунда ал кызмат бир адам үчүн 995 сомдон 695 сомго арзандаган.

Жамааттык арыздар боюнча баруу да 300 сомго чейин арзандаган: 6-10 адам үчүн бир адамдан 547 сомдон алынат, 11 же андан ашык адам үчүн бир адамдан 364 сом алынат.

«Жаран кайрылган учурда көчмө калкты тейлөө борборунун кызматкери арыз калтырган адам турган жерге барып, документтерди тиешелүү шарттар каралган (сүрөт, көчүрмө, биометрикалык маалыматтарды чогултуучу аппарат, касса) кичи авиобустун ичинде алат. Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери, биринчи топтогу майыптар, карылар үйүндө, балдар үйүндө жашагандар үчүн кызмат акысыз көрсөтүлөт», - деп билдирет Каттоо кызматы.

Бишкек шаары боюнча:0312 586060, 0550 077594.

Кыргызстан боюнча: Каттоо кызматынын колл-борбору (чалуу акысыз)

Тэги: кызмат борбор Каттоо кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть