Кофе 17.5 пайызга кымбаттады: кофейнялар кантип күн көрүп жатышат?

21.04.2020, 17:45 Акчабар
Кофе 17.5 пайызга кымбаттады: кофейнялар кантип күн көрүп жатышат?

Коронавирус пандемиясы менен улуттук валютанын АКШ долларына карата түшүүсү ата-мекендик бизнеске катуу сокку тийгизди. Ишкерлердин кээ бири үйдөн иштөөгө өтүп, бизнесин жаңы шарттарга ылайыкташтыра алышса, башкалары такыр жабылып калды.

Мында кофе бизнеси дагы четте калган жок. Качандыр бир кезде кыргызстандыктардын купулуна толуп турган, бирок коронавирустан улам онлайн жеткирип берүүгө өткөн кафелер кантип иштеп жаткандыгы тууралуу «Акчабар» Sierra Coffee тармагынын негиздөөчүсү жана башкы жетекчиси Брэд Бреннеман менен маек курду.

Кыргызстандын аймагында Өзгөчө кырдаал режими киргизиле электе Sierra Coffeeнин республика боюнча жети кофейнясы иштеп келген. Бирок бүгүнкү күндө алардын баардыгы жабык, ал эми 50 кызматкердин ичинен бир нечеси гана иштеп, онлайн-буйрутмаларды аткарып келет.

«Бүгүнкү күндө кофе менен тамак-ашты үйгө жеткирүү кызматы эл ичинде популярдуу. Бирок бул ишмердүүлүктөн түшкөн каражат биздин чыгымдарды жабууга жетпейт. Ошондуктан, биз дагы, башкалардай чыгым тартуудабыз»,-дейт Брэд Бреннеман.

Жакшы кездерде бир кардар Sierra Coffeeге 350 сом калтырып кетчү, ал эми азыр болсо тамак-аш менен кофени кошпогондо эле жеткирип берүү 160 сомду түзөт.

Бирок кардарлардын жоктугу бизнеске сокку кылган башкы көйгөй эмес. Бреннемандын айтымында, алар улуттук валюта төмөндөй электе, башкача айтканда доллар 69.9 сом болуп турган кезде бир тонна жашыл кофе алууга буйрутма беришкен. Бирок сатып алуу учурунда ал 82 сомго чейин жогорулап кеткен. Брэд Бреннеман белгилегендей, алар кофени доллар менен сатып алышкан, андыктан ал төлөмгө таасирин тийгизген эмес. Бирок кофени сом менен баасы көтөрүлгөн.

«Албетте, биз мындай чыгымдарды күткөн эмеспиз. Эгерде мурун кофенин бир чынысы үчүн баа 100 сомдон 200 сомго чейин болсо, азыркы курсту эске алуу менен анын баасы жогорулаган. Биз аны өз баасынан ылдый баага сата албайбыз»,-дейт ишкананын негиздөөчүсү.

Бирок эң оору алдыда. Бизнесмен апрелдеги эсептерин кантип жаба тургандыгын билберин айтты. Анткени эгерде март айында кафелердин жарымы иштеп турган болсо, апрелде алар толугу менен токтогон.

«Биз март айы үчүн салыктарды төлөп, кызматкерлерге айлык акы төлөшүбүз керек. Алар мен үчүн абдан маанилүү. Биз көп жылдан бери чогуу иштеп келебиз. Эгерде алар балдары менен акчасы жок отурса, мен аларга жардам бербей кое албайм. Албетте, кырдаал абдан оор, бирок биз баардыгына жардам берүүгө аракет кылып жатабыз. Бирок акча түгөнүп бара жатат, ал эми апрелде киреше такыр жогунда кантип карыздарды жабам, билбейм»,-деп билдирет ишкер.

Бреннемандын оюнда, Кыргызстан бизнестин эсебинен жашайт, өлкөдө пахта, нефть же газ сыяктуу чоң ресурстар жок. Бул жерде бизнестин жакшы иштөөсү шарт. Ошондуктан өкмөт ишкерлерди өнөктөштөр катары карашы керек деп эсептейт ал.

«Бизнесте согуш болбой, биз бири-бирибизге жардам берүүбүз маанилүү. Ушундай оор учурда биз атаандаштык тууралуу унутуп, чогуу иштешибиз керек»,-деп жыйынтыктады Брэд Бреннеман.

Азыркы учурда Sierra Coffee Өзгөчө кырдаал режими аяктагандан соң жумушту улантуу боюнча бюджет жана план иштеп чыгууда. Бирок Бред Бреннеман азыркы кырдаал дагы 2-3 айга созулушу ыктымал деп айтат.

Тэги: кофейня Бишкек Сиерра Брэд Бреннеман

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть