25-күнү эки коммерциялык банк Саламаттыкты сактоо министрлигинин админстративдик эсебине коронавирус менен каршы күрөшүүгө каражат которушту. Бул тууралуу каржы министрлигинен билдиришти.
Эки коммерциялык банк тарабынан которулган каражаттын суммасы 115.5 миң сомду түзгөн. Анын ичинен «ФинансКредитБанк» — 65.5 миң сом, «РСК Банк» — 50 миң сом которгон.
Эске сала кетсек, бүгүнкү күндө коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке дээрлик 35 млн сомдон ашык каражат топтолгон.