Республикалык бюджеттин эсебинен бардык мектептерде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү

20.08.2020, 12:10 Акчабар
Республикалык бюджеттин эсебинен бардык мектептерде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү

Кыргызстандагы 2292 мектеп жаңы окуу жылына даяр. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жай мезгилинде республикалык бюджеттин эсебинен бардык мектептерде пландуу оңдоо иштери аткарылды.

Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын башталышында билим берүү уюмдарынын имараттарында санитардык тазалоо иштери жүрүзүлөт.

Мындан сырткары, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги сентябрь айына 11 билим берүү объектисин пайдаланууга берүүнү пландап жатат.

Тэги: мектеп жаңы окуу жылы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть