Президент Европа Кеңешинин президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

02.04.2020, 15:30 Акчабар
Президент Европа Кеңешинин президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 2-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана ошондой эле йл талкууланды.

Мамлекет башчысы ЕБ өлкөлөрүндө коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу колдоо сөздөрүн айтып, дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын тез арада оңолуп кетишине үмүт артаарын билдирди.

Ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана Кыргызстандын экономикасына залакасын азайтуу боюнча кыргыз тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков европалык тарапка коронавирус инфекциясынын кесепеттерин азайтуу максатында Кыргыз Республикасына кошумча жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Европа Кеңешинин төрагасы кыргыз тарапка бул илдет менен күрөшүүсүнө колдоосун билдирип, ЕК өлкөгө финансылык жардам көрсөтүүнүн оптималдуу жолдорун карап чыгарын белгиледи.

Тэги: президент Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть