Кризистик борборлорду каржылоо 12 млн сомго көбөйтүлдү

09.02.2024, 16:50 Акчабар
Кризистик борборлорду каржылоо 12 млн сомго көбөйтүлдү

Кризистик борборлорду каржылоонун көлөмү 12 млн сомго көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Гендердик зомбулукка каршы улуттук форумда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программа иштелүүдө.

“Менимче, бул программа жакынкы аралыкта кабыл алынат, анда лидер аялдар үчүн атайын резерв каралган. Аларга дагы социалдык кепилдиктер, квалификациясын жогорулатуу, стажировкадан өтүү каралган”, - деп белгиледи Жаңыл Алыбаева.

Белгилеп кетсек, Кыргызстан эмгек дүйнөсүндө зомбулукту жана куугунтуктоону жоюу боюнча Эл аралык эмгек уюмунун конвенциясын ратификациялаган. Учурда президент тарабынан мыйзамга кол коюу иштерүү жүрүүдө.

Тэги: кризистик борборлор каржылоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть