Күрөөканалардагы пайыздык ченди төмөндөтүү сунушталды

23.01.2024, 11:47 Акчабар
Күрөөканалардагы пайыздык ченди төмөндөтүү сунушталды

22-январда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Ломбард иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси - Министрлер кабинетинин төрагасы.

“Мыйзам долбоору финансылык тейлөө алган керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого, ломбарддар менен кардарлардын ортосундагы мамилелерди жакшыртууга, кардарларга карыздын шарттары жөнүндө толук маалымат берүүгө, ломбарддык кредит боюнча жол берилген эң жогорку жылдык пайыздык ченди белгилөөгө жана ломбарддардын кредиттик бюролорго маалыматтарды өткөрүп берүү практикасын жоюуга багытталган”, - деп айтылат маалыматта.

Талкуу учурунда депутат Карим Ханджеза ломбарддын насыясынын үстөгүн 15%га чейин түшүрүү маселесин көтөрүп, ломбарддарга салык салуу тартибин тактады.

Депутат Марлен Маматалиев дагы ломбарддык насыянын жол берилген эң жогорку жылдык жана орточо эсептелген номиналдык ставкасын белгилөө механизмдери тууралуу маселе көтөрүп, пайыздык ченди төмөндөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал эми депутат Эльвира Сурабалдиева банктан насыя ала албаган жарандар айласыз күрөөканаларга кайрылып жатканын белгилеп, сунушталып жаткан мыйзам долбоору иштебей турганын кошумчалады.

Тэги: күрөөкана ломбард пайыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть