Akchabarsearch
    Источник фото: Бишкек мэриясы

    Опубликовано

    15.02.2021, 06:20

    Бишкек шаарындагы көчөлөрдө башаламан соода-сатык кылган түйүндөрдөн 350 литр күйүүчү-майлоочу май алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

    [news 32434]

    Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук администрациясынын адистери Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын, финансы полициясынын, райондун салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Профсоюз көчөсүндө күйүүчү-майлоочу майды башаламан сатуу түйүндөрүн жок кылуу боюнча рейддик иш-чараларды уюштурду.

    Белгилүү болгондой, мындан мурда бир нече жолу эскертүү берилгенине карабай, башаламан соода-сатык кылып, мыйзам бузган ишкерлер кайра өздөрүнүн орундарына келишүүдө.

    Бул жолу 320 литр күйүүчү-майлоочу май тартылып алынып, андан ары чара-көрүү үчүн Бишкек шаардык Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

    Мындан тышкары, Тоголок Молдо жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен – 15, Бөкөнбаев жана Манас проспектисинин кесилишинен – 3, Москва жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен 6 башаламан соода-сатык түйүндөрү жок кылынды.

    Мэриядан аталган багытта иштер улантыла тургандыгын кошумчалашты.


    Читать похожее