Кыргыз-оман ишкерлер кеңеши түзүлүшү мүмкүн

15.04.2024, 11:25 Акчабар
Кыргыз-оман ишкерлер кеңеши түзүлүшү мүмкүн

Кыргызстан менен Омандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Саид Альбусаиди эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу “Борбор Азия – Булуңдагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңеши” Стратегиялык диалогунун тышкы иштер министрлеринин экинчи жыйынына катышуунун алкагында 14-апрелде Ташкентте өттү.

Тараптар саясий, экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жогорку дараметин, ошондой эле жакынкы убакта бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Маалыматка ылайык, Жээнбек Кулубаев кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүүнү жана эки өлкөнүн ортосундагы укуктук-келишим базаны кеңейтүү боюнча ишти активдештирүүнү сунуштады.

Ошондой эле Кыргызстан менен Омандын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыш түзүү максатында министр Кулубаев кыргыз-оман ишкерлер кеңешин түзүүнү сунуштады.

Тэги: ишкерлер кеңеши Оман Жээнбек Кулубаев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть