“Кыргыз петролеум” жана “Жунда” заводдорун модернизациялоого инвестиция тартуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, министрлик жана министрлер кабинети бардык административдик колдоолорду, анын ичинде салыктык жеңилдиктерди да көрсөткөн.
Эске сала кетсек, "Жунда" мунай заводу 2019-жылдан бери токтоп турат. Буга чейин Кытайдын Шансин көмүр жана химиялык өнөр жай корпорациясынын өкүлдөрү “Жунда” мунай заводунун курулушунун экинчи этабын баштоо ниетин билдиришкен. Алар европалык К5 стандартындагы мунай продуктуларын терең кайра иштетүүгө жана полипропилен өндүрүүгө басым жасамакчы.