Akchabarsearch
Источник фото: Кабар

Опубликовано

17.07.2020, 03:35

Кыргыз-Швейцариялык банкы Бишкек мэриясына 1,7 млн сомго «Клексан» дарысын берди. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

[news 26147]

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук акциясынын алкагында каржы уюму борбор калаанын мэриясына 1 миллион 776 миң сом суммасына «Клексан» дарысынын партиясын өткөрүп берди.

Дээрлик 3 миң 220 инъекция шаардык саламаттык сактоо башкармалыгына тапшырылды, ал жактан дары-дармек №1, №6 шаардык ооруканаларына, №2 төрөт үйүнө жана шаар тургундары үчүн Свердлов жана Ленин райондорундагы күндүзгү стационарларга бөлүштүрүлдү.


Читать похожее