Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Кыргызстандагы абанын сапатын жакшыртуу” долбоору боюнча Кредиттик макулдашуунун долбоорун карап, жактырды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Райымкулова Кредиттик макулдашуунун долбоору абанын сапатын жакшыртууга багытталганын баса белгиледи.
Бул макулдашуунун алкагында 4 компонент боюнча 50 млн доллары каралган, жеңилдетилген мөөнөт 10 жыл жана пайыздык чен 0%. Ишке ашыруу мөөнөтү 2030-жылдын декабрына чейин.
Талкууда депутат Кундузбек Сулайманов “Кыргызгидромет” борбору үчүн автоматтык станциялар боюнча маселени тактады. Министрдин орун басары Асел Райымкулова белгилегендей, республикадагы абанын сапатын көзөмөлдөө үчүн 11 автоматтык станция орнотулат.
Депутаттар Кундузбек Сулайманов, Алишер Козуев, Жеңишбек Токторбаев абанын булганышынын себептери белгилүү экенин, буга байланыштуу комплекстүү чараларды көрүү зарылдыгын айтышты.