Кыргызстанда бизнес-омбудсмен институту ишин официалдуу түрдө баштады. Бул тууралуу «Акчабарга» институттан кабарлашты.
«Биз ачылдык жана ишкерлерге кеңеш берүүгө жана арыздарды кабыл алууга даярбыз», — деп билдиришти институттан.
Эске сала кетсек, «Акчабарга» Робин Орд-Смит маек берип жатып бүгүнкү күндө институт менен электрондук почта, телефон, биздин официалдуу веб-сайт аркылуу байланышса болот деп билдирген.
Эске сала кетсек, Бизнес-омбудсмен Институту Бишкек шаарынын Victory бизнес-борборунун 2-кабатында жайгашкан.