2020-жылдын январь айында ИДП 1,8 % жогорулаган

16.02.2020, 09:00 Акчабар
2020-жылдын январь айында ИДП 1,8 % жогорулаган

Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча 2020-жылдын январында ИДП 1,8% өскөн. 2019-жылдын январь айына салыштырмалуу 4,6 пайызга аз болгон. Ал эми ИДПнын номиналдык көлөмү 31,1 млрд. сомду түзгөн. Бул тууралуу каржы министрлиги билдирди.

«Кумтөр» кенин иштеткен ишканаларды эсепке албаганда, экономиканын анык өсүшү 2,5 пайызды түзгөн (2019-жылдын январь айында 1,9 пайызга өскөн).

2020-жылдын январь айындагы керектөө бааларынын индекси өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 0,2 пайызга жогорулаган.

2020-жылдын январындагы керектөө бааларынын индекси 2019-жылдын январына карата 3,2 пайызды түзгөн (2019-жылдын январында 2018-жылдын январына карата 0,4 пайызды түзгөн).

2020-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча өндүрүш өнүмдөрүн өндүрүү, реалдуу алганда, 0,8 пайызга көбөйгөн. Буга себеп, пайдалуу кендерди казып алуудагы 11,0 пайыздык, энергетика секторундагы 5,6 пайыздык өсүш болгон. Кайра иштетүүчү өнөр жай өндүрүшү 0,8 пайызга төмөндөгөн. Өнөр жайда, «Кумтөрдү» эсепке албаганда, өсүш 4,8 пайызды түзгөн.

Тэги: Кыргызстан ИДП ИДП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть