Кыргызстан менен Словакия кош салык салууну жоюу боюнча макулдашты

13.03.2024, 12:18 Акчабар
Кыргызстан менен Словакия кош салык салууну жоюу боюнча макулдашты

Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргызстан менен Словакиянын ортосунда киреше салыгына карата кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу тиешелүү министрликтен билдиришти.

Макулдашууга Кыргызстандын атынан министр Данияр Амангелдиев, Словакиянын атынан аталган өлкөнүн Казакстан жана Кыргызстандагы элчиси Роберт Кирнаг кол койду.

“Макулдашуунун негизги максаты — ар кайсы өлкөлөрдө бирдей салыктар менен чарба жүргүзүүчү субъекттердин кирешелерине кош салык салууну жоюу болуп саналат”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, кош салык салуудан качуу келишимдери республиканын экономикасына тике чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун каражаты катары каралат.

Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстан анын ичинде Словакия 36 мамлекет менен кош салык салуу боюнча макулдашууларды түзгөн.

Тэги: кош салык салууну болтурбоо кош салык Словакия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть