Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү 430 млн $ түзөт

10.12.2019, 14:20 Акчабар
Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү 430 млн $ түзөт

ЖК Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети эки тараптуу кыргыз-түрк соода-экономикалык байланышын чыңдоого багытталган Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сз кызматы билдирет.

Эске салсак, мурдагы окуу жүрүшүндө Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматов бул келишим эки өлкө ортосундагы түз инвестицияларды колдоо жана коргоо максатында түзүлгөнүн айткан. Анда эки өлкө ортосунда макулдашууларды түзүү жана бузуу тартиби да камтылган. Ошондой эле, ички жана тышкы инвесторлорго бирдей укук берилип, бирдей шарт түзүлүүгө тийиш.

Ал эми депутат Пархат Тулендыбаев быйыл Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы экспорт менен импорттун көлөмүнүн кыскарышына кандай себептер түрткү болгонуна кызыккан. Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, алгачкы эки кварталда ошондой көрүнүш болгонун, бирок акыркы жарым жылдыктар анын орду толтурулганын билдирген.

Белгилей кетсек, Түркия эгемен Кыргызстандын көзкарандысыздыгын тааныган эң алгачкы мамлекет болуп саналат. Ушу тапта эки өлкөнүн ортосундагы өз ара товар жүгүртүү көлөмү 430 млн долларды түзөт. Азыр аны 1 млрд долларга жеткирүү аракети жасалууда.

Тэги: Кыргызстан-Түркия соода жүгүртүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть