Кыргызстанда 77,2 миң адам медициналык камсыздандыруу полисин алды

21.12.2023, 15:31 Акчабар
Кыргызстанда 77,2 миң адам медициналык камсыздандыруу полисин алды

Кыргызстанда 77 миң 205 адам милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алган кыргызстандыктар кандай жеңилдиктерге ээ экенине кызыкты.

“Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алгандар үчүн чоң жеңилдиктер каралган. Дары-дармектер бекер берилип, операциялар бекер жасалат. Ошондой эле ар бир жаран хирургия, терапия, кардиология жана башкалар боюнча жеңилдиктерге ээ”, - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы.

Белгилеп кетсек, 2023-жылдын апрелинен тарта Кыргызстандын жарандары милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисине ээ болууга милдеттүү. Салык төлөп, бирок милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдү кошпогон айрым уюмдардын кызматкерлери, каттоодо турбаган жумушсуздар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар жана өлкөдө убактылуу жашаган чет өлкөлүктөр үчүн милдеттүү болуп саналат.

Кыргызстандын жарандары үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин баасы быйыл 1 миң 722 сомду түзүп, жыл сайын кайра каралып турат. Чет элдиктер үчүн алты айга – 8 миң 196 сом, 12 айга – 16 миң 391 сом. Полис жарандарга төлөгөн күндөн тартып 12 айга берилет.

Тэги: милдеттүү камсыздандыруу ден-соолук саламаттык сактоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть