Кыргызстанда алгачкы бажы кампасы Нарында курулууда

06.11.2023, 13:25 Акчабар
Кыргызстанда алгачкы бажы кампасы Нарында курулууда

Нарын эркин экономикалык аймагында биринчи бажы кампасы курулуп жатат. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов, Гуандун логистика профессионалдык ассоциациясынын президенти Ма Ренхунг жана “Guangzhou Flyt Logistic Limited” компаниясынын башкы директору Жу Зевен жолугушуп Нарын ЭЭАнын аймагында бажы кампаларын куруу маселеси талкууланды.

Бул демилгенин алкагында кытайлык инвесторлор “Нарын” ЭЭАнын субъектиси “Кара-Булак” ЖЧКсы менен биргеликте Нарын облусунун Ат-Башы районунда бажы кампасынын курулушун жүргүзүүдө.

Келечекте башка долбоорлорду, анын ичинде электрондук коммерция үчүн онлайн аянтчаны түзүү жана Нарын ЭЭАнын аймагында автоунаа базарын куруу пландалууда. Ошондой эле Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Кытайга экспорттоо долбоору каралат.

Тэги: бажы кампасы экономика Нарын эркин экономикалык зона

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть