Кыргызстанда ар бир алтынчы эркек Бишкекте жашайт

23.02.2024, 13:16 Акчабар
Кыргызстанда ар бир алтынчы эркек Бишкекте жашайт

Кыргызстанда калктын 49,5%ын эркектер түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын башына карата өлкөдө эркектердин саны 3,5 миллионду түзгөн (2022-жылы жүргүзүлгөн калкты каттоонун маалыматтарын эсепке алганда).

Эркектердин үчтөн экиси (болжол менен 2,33 млн эркек) айыл жергесинде турат. Ал эми ар бир алтынчы эркек Бишкек шаарында жашайт.

Эмгек курактагы эркектердин 77%ынын жумушу бар. Алардын орточо жашы 38ди түзөт. Негизинен алар курулуш, транспорт, жүк сактоо, энергетика, кен казуу тармактарында иштейт.

Тэги: аялдар жана эркектер демография калк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть