Кыргызстанда электр энергиясын пайдалануу кескин жогорулады.
"Кыргызстан улуттук электр тармактары" ишканасынын жетекчи орун басары Жолдошбек Доктурбай уулу билдиргендей, ушул күндөрү суткалык керектөө 66 млн кВт/саатка жетти.
Маалыматка ылайык, былтыр бул маалда кыргызстандыктар суткасына 62 млн кВт/саат электр энергиясын керектеген.
Авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу үчүн энергетиктер жарыкты үнөмдүү пайдаланууга чакырат.