Кыргызстанда өткөн жылдын январь айынан ноябрга чейин орточо айлык 32 миң 142 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.
2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 20,5 пайыздан ашык өскөн.
Маянанын жогорулашы мамлекеттик башкаруу, коргоо, социалдык, суу менен камсыздоо жана тазалоо чөйрөсүндө, ошондой эле кыймылсыз мүлктү алуу-сатуу, дүң жана чекене соода, унааларды жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, маалымат чөйрөлөрүндө байкалган.