Кыргызстанда сүт өндүрүүнүн көлөмү 1,7 пайызга өстү

18.03.2022, 10:34 Акчабар
Кыргызстанда сүт өндүрүүнүн көлөмү 1,7 пайызга өстү

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айына карата республика боюнча 168,7 миң тонна сүт өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сүт өндүрүү өткөн жылга салыштырмалуу 2863 миң тоннага, же болбосо 1,7 пайызга көбүрөөк болду.

“Сүт өндүрүү республиканын Баткен облусунан тышкары бардык облустарында көбөйгөнү байкоого болот. Баткен облусунда ийри мүйуздү малдын санынын азайышынан сүт өндүрүүнүн да азайышы байкалууда. Ал эми республикада сүт өндүрүүнүн өсүү темпи эң көбүүрөк Ысык-Көл облусунун чарбаларында - 102,5 пайыз, Жалал-Абад – 102,4 пайыз жана Чүй облусунун чарбаларында- 102,6 пайыз байкалат”,- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 1-мартка карата республикада боюнча 62,1 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлгөн. Бул өткөн жыл менен салыштырмалуу эт өндүрүү 1381 тоннага же 2,3 пайызга көбөйгөн. Бирок, Баткен облусунан тышкары эт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөн. Алсак, өлкө боюнча эт өндүрүүнүн өсүү темпи өткөн жыл менен салыштырмалуу эң көбүрөөк Ысык-Көл облустарынын чарбаларында (113,2 пайыз), Нарын (101,1 пайыз) жана Жалал-Абадда (102,0 пайыз) байкалат. Ал эми Баткен облусунда ийри мүйүздүү малдын санынын азайышынан улам эт өндүрүүнүн азайышы байкалууда, бул элдин миграциясына жана тоюттун кымбаттыгына байланыштуу.

Тэги: сүт өндүрүү Айыл чарба министрлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть