Кыргызстанда TikTok азырынча бөгөттөлбөйт

19.12.2023, 14:20 Акчабар
Кыргызстанда TikTok азырынча бөгөттөлбөйт

Кыргызстанда азырынча TikTok социалдык тармагына бөгөт коюлбайт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Алтынбек Токторбаев маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда уюлдук байланышты жабуу өтүнүчү менен кат Санариптик өнүктүрүү министрлигине 2023-жылдын август айында балдардын жана чоңдордун психикалык өнүгүүсүнө жана ден-соолугуна терс таасирин тийгизгендиктен келип түшкөн.

“Бирок бул социалдык тармакты жабуу үчүн соттун чечими керек, бизде андай чечим жок. Белгилүү маалыматтарга караганда, учурда мобилдик тиркемени иштеп чыгуучулар менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ортосунда маселени тынчтык жолу менен чечүү максатында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, - деди ал.

Тэги: Тик Ток социалдык тармак бөгөт коюлду

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть