Кыргызстандык эки мугалим АКШдагы эл аралык конференцияга катышты

28.03.2022, 14:20 Акчабар
Кыргызстандык эки мугалим АКШдагы эл аралык конференцияга катышты

Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары 22-26-март күндөрү АКШнын Питтсбург шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк англис тили мугалимдеринин TESOL-2022 конференциясына катышып, презентация жасашты. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин улук окутуучулары Чинара Жээнбекова менен Анара Тажибаева Казакстандын Астана шаарында жайгашкан англис тил программаларынын регионалдык офиси тарабынан Орто Азия мамлекеттеринин мугалимдеринин эл аралык конференцияларына катышуу мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу максатында уюшулган Proposal Writing for Success at International Conferences долбоорунун алкагында жолдомо алышкан.

Аталган долбоорго Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан 30дан ашуун окутуучулардын арасынан 14 мугалим тандалып алынган.

Эл аралык конференцияда 100 мамлекеттен 2 миңден ашуун катышуучу болду.

Тэги: конференция мугалим АКШ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть