Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча эл аралык олимпиадада төрт медаль тагынды

02.07.2021, 15:45 Акчабар
Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча эл аралык олимпиадада төрт медаль тагынды

Кыргызстандык окуучулар информатика сабагы боюнча Сингапурда өткөн эл аралык олимпиадада төрт коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу иш-чаранын расмий сайтында жазылганын Еurasiatoday жазды.

Онлайн форматта уюштурулган олимпиадага 88 өлкөдөн 300дөн ашуун окуучу катышкан. Уюштуруучулардын айтымында, бул рекорддук көрсөткүч болду.

Үчүнчү орунду Кыргызстандык төрт окуучу - Артур Айдаров, Данияр Бейшекеев, Ислам Давлетов жана Теңгиз Беккоенов алган.

Маалым болгондой, эреже боюнча командадагы катышуучулар төрт окуучудан ашпашы керек. Курама командалар улуттук мелдештердин жыйынтыгында тандалат. Атаандаштык эки тур мене өтөт. Бир эле турга беш саат убакыт бөлүнөт. Бөлүнгөн убакыт ичинде үч алгоритмдик тапшырманы чечүү жана программалаштыруу талап кылынат.

Тэги: олимпиада информатика окуучулар Сингапур

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть