Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилди

29.12.2023, 15:20 Акчабар
Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” өлкө мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 29-ноябрында кабыл алган.

Мыйзамдын максаты энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) өнүктүрүү, энергетика тармагын өркүндөтүү, ошондой эле жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү жана ЭКБ чөйрөсүндө чакан жана орто бизнести колдоо жолу менен экономиканы туруктуу өнүктүрүү болуп саналат.

Жалпысынан мыйзам парник газдарынын жана зыяндуу заттардын эмиссиясын кыскартууга, экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө, ошол эле учурда электр энергиясын үнөмдөө мүмкүнчүлүгүн берүүгө багытталган.

Мыйзамда микрогенерациялоочу объекттерден электр энергиясын сатуу лицензиялоого жатпайт деген норма каралган.

Тэги: лицензиялык-уруксат берүү тутуму КР Мыйзамы Садыр Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть