Өлкөдө жыл башынан бери 178,6 млрд салык чогултулду

05.10.2023, 09:48 Акчабар
Өлкөдө жыл башынан бери 178,6 млрд салык чогултулду

Быйыл январь-сентябрь айларында Салык кызматы 178 млрд 654,2 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Муну менен белгиленген план 2,1 млрд сомго ашыкча аткарылган. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйналган сумма былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,5 млрд сомго көп жыйналган.

“Тогуз айдагы топтолгон каражаттардын ичинен 132 млрд 54,2 млн сом салык жана төлөмдөргө туура келет. Бул сумма былтыр январь-сентябрда 111 млрд 755,4 млн сомду түзгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилеп кетсек, салык жана башка төгүмдөрдү жыйноонун көбөйүшүнө көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ), электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК), электрондук эсеп-фактураларды (ЭСФ) жана башка инновациялык ыкмаларды киргизүү оң таасирин тийгизген.

Тэги: акциз салык Бирдиктүү салык ККМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть