Өлкөнүн үч облусунда мамлекеттик дарыканалар ачылат. Саламаттык сактоо министрлигинен белгилешкендей, мындай чечим калкты жеткиликтүү баадагы сапаттуу дары-дармек менен камсыздоо максатында кабыл алынды.
Эки мамлекеттик дарыкана Ош шаарында, Кара-Суу, Ноокат, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Араван райондорунда ачылат.
Ошондой эле мындай дары сатуучу түйүндөр Жалал-Абад, Кочкор-Ата шаарларында пайда болот.
Ал эми Баткен облусунда Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунда, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларында мамлекеттик дарыканаларды ачуу пландалууда.