Мамкурулуш 1-майдан тарта курулуш объектилеринин талаптарга шайкештигин жана мыйзам бузуулардын бар-жоктугун текшере баштайт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин директору Эрназарбек Сүйөркулов “Биринчи радиого” билдирди.
Анын айтымында, имараттары курулуп жаткан объектилердин реестринде турган бардык курулуш компанияларына билдирүүлөр жөнөтүлгөн. Коопсуздук эрежелеринин сакталышы текшерилет.
“Катуу шамал тосмолордон жана курулуш аянттарынан кирпичти, металлды жана башка курулуш материалдарын учурганын баарыбыз көрдүк. Курулуш материалдары унааларга зыян келтирип, жолдорго кулады. Эгерде талаптар аткарылып, объектилер талаптагыдай тосулса, тегереги тор менен курчалган болсо, анда мындай зыян бир топ аз болмок”, - деп айтылат маалыматта.